Жаңылыктар
ӨКМ: жыл башынан бери өлкөдө 77 жер көчкү катталды
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: жыл башынан бери өлкөдө 77 жер көчкү катталды

1970 – 2017-жылдар аралыгында өлкө аймагындагы жер көчкүлөрдүн саны салыштырмалуу 8 эсе көбөйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Ал эми 2017-жылдын 1- январынан бүгүнкү күнгө чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында 77 жер көчкү катталып, анын жалпы көлөмү – 70 миллион м³ түзгөн.  Жаратылыш кырсыгынан 6 адам каза болуп, 4 турак-жай бузулган. Алдын ала маалыматка ылайык, жер көчкүнүн 40ка жакыны материалдык чыгым алып келген.

Жер көчкү коркунучтарынын өрчүүсүнүн негизги себептерине кайрылсак, норманын чегинде жана андан жогору жаан-чачындар, жантаймаларга кардын ашыкча терен сиңүүсү. Ошондой эле, аба ырайынын минустук белгиден плюстук белгиге тез өзгөрүүсү, сейсмикалык активтүүлүктүн уланышы себеп боло алат. Калктын чарбалык иш аракеттери дагы жер көчкү жантаймага таасир этип, күтүлбөгөн чукул жер көчкү жүрүшүнө шарт түзөт.

Республикасынын аймагында тоо ичиндегилерди кошпогондо бардыгы 4532 жер көчкү, анын ичинен дээрлик 99% республиканын түштүгүндө, ал эми түндүк аймакта 41 жер көчкү катталган.