Жаңылыктар
Орусиянын “кара тизмесинен” чыккандар арбын
Кыргызстан жаңылыктары
Орусиянын “кара тизмесинен” чыккандар арбын

Жыл аягына чейин 40 миңден ашык кыргызстандык Орусиянын кара тизмесинен чыгат. Миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиевдин айтымында, бүгүнкү күндө ал тизмеде 110 миң жаран бар. Жыл башынан бери 4 миң киши аты жаман тизмеден чыгып, Орусия аймагына кайра кирүүгө уруксат берилди. Жылдын аягына чейин дагы 43 миң киши ал тизмеден чыгат.

“Жеңил жазага тартылгандар чыгып атат. Өтө оор жаза алгандары убагы келмейин чыкпайт. Айыпка тартылгандарга убагында укуктук жардам көрсөтүү аракети жүрүп жатат”,- деп билдирди Миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев.