Жаңылыктар
Жол оңдоодогу шалаакылыктан жетекчилер кызматынан бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Жол оңдоодогу шалаакылыктан жетекчилер кызматынан бошотулду

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районундагы автожолдорду талаптагыдай оңдоо маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Буга чейин социалдык тармактарда жана маалымат агенттиктерде жол кызматкерлери жолдогу жыртык-тешиктерди суудан тазалабай туруп, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатканы тууралуу видео тасма тараган. Бул тасма чыгары менен 8-апрель күнү премьер-министр транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду чакырып, окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүп, шалаакылыкка жол берген жетекчилерди жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген. 

Жээнбеков калктын бийликке болгон ишеними мамлекеттик органдардын тейлөө кызматтына, анын ичинде автожолдорду оңдоонун сапатына дагы көз каранды экендигин баса белгиледи. Аны менен катар премьер-министр өлкөдө жарандык коомдун активдүүлүгүн айтып, видеотасманы тараткан жаранга дагы ыраазычылыгын билдирди.

Траснпорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жоопкерсиз мамиле кылган жетекчилерге карата көргөн дисциплинардык чаралар тууралуу маалымат берди. Ал маалымдагандай, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында автожолдордогу жыртык-тешиктерди жамоо иштеринде шалаакылыкка жол берген бир катар жетекчилер кызматынан бошотулду. 

Жыйындын соңунда, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка, бул факт боюнча тергөө ишин жүргүзүүнү жана кылмыш ишин козгоо сыяктуу эң катуу чараларды көрүүнү тапшырды.
Министр Жамшитбек Калиловго республиканын автожолдорундагы жол оңдоо иштеринде өндүрүштүк технологияны бекем көзөмөлгө алууну тапшырды.