Жаңылыктар
Интернет айдыңындагы чагымчылдарга чара көрүү зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Интернет айдыңындагы чагымчылдарга чара көрүү зарыл

Айрым жарандар интернеттеги социалдык баракчалардын адепсиз колдонуучуларын тартипке салуу зарылчылыгын айтышууда. Анткени социалдык тармактарда улут аралык кастыкты козуткан, диний жактан бөлүп жаруучу билдирүүлөрдү атайылап жазган адамдар аз эмес.  Адистер мындай абалды күч менен жок кылууга мүмкүн эмес. Маселени тарбия менен маданиятка маани берүү менен гана чечсе болот деп белгилешет. 

Интернетти коомго пайдалуу маалыматтарды жайылтуу үчүн керек деген Гүлзат Аалиева социалдык тармактарды активдүү колдонот. Ал фейсбуктагы улуттук баалуулуктарды жандандыруу жана даңазалоо үчүн түзүлгөн атайын тайпада иш алып барат. Жазылган макала, билдирүүлөргө улуттук баалуулукту жокко чыгаргандар чагымчылдык менен жооп кайтарышат. 

Соңку учурда улуттук баа жеткис мурас болгон “Манасты” теңирчилик менен байланыштыргандар арбыды. Муну туура эмес деген аалымдардын пикирлерине кулак салышпайт. Башка динге кандай кодулоо болсо, исламга да акаарат келтиргендер бар. Көз-караштардын интернеттеги кагылышы бара-бара көчөгө чыгышы мүмкүн. Интернет айдыңындагы чагымчылдыкка, экстремисттик чакырыктарга каршы атайын кызмат тиешелүү иштерди алып барууда. Бирок, маселени чечүүнүн жазалоодон башка да жолу бар. Адистердин баамында зомбулукту жактаган, ага жетеленбеген муунду калыптандыруу үчүн маданиятка маани берүү зарыл. Ак-караны ажырата билип, маалыматты таза аң-сезим менен электен өткөрүү гана пайда алып келет.

Учурда социалдык тармактарда өз баракчасын ачпагандар саналуу гана, дээрлик жок десе да болот. Ашкере адепсиз колдонуучулар менен катар үлгү көрсөткөн, интернетте пайдалуу иш жасагандар да жок эмес. Мындан улам алардын жашоодогу жүрүм-туруму менен кулк-мүнөзүн виртуалдык дүйнөдөн билүүгө мүмкүн.