Жаңылыктар
"Унаа сатып алганда мыйзамдуу документтерин тактап алыңыз..."
Кыргызстан жаңылыктары
"Унаа сатып алганда мыйзамдуу документтерин тактап алыңыз..."

Жолдордун оңдолушу айдоочулар үчүн бир топ эле ыгайлуулукту жаратат. Бирок ошол эле учурда жол эрежесин бузган айдоочулар четтен чыгат. Мындан бир жыл мурда ИИМ Чүй облусунун Сокулук районунун чоң көчөсүнө видеокамера орнотуп, жыйынтыгында ал аркылуу 80 миңден ашык жол эрежесин бузган фактыны каттаган. Натыйжада, айып төлөм катары 10 миллион сом каражат чогулган. Бирок ИИМ кызматкерлери айып төлөмдөрдү чогулта келгенде бир топ түйшүк тартууда. Бейтааныш адам үчүн айып пул төлөө. Мындайды эч ким каалабаса керек. Бул кырдаалга көбүнчө автоунаа саткан же сатып алгандар туш болушат. 

Мындан 1 жыл мурда Чүй облусунун Сокулук районундагы чоң жолго коюлган видеобайкоо жол эрежесин бузган 80 миңден ашык учурду каттаган. Бирок, ИИМ кызматкерлери айып пул чогултууда бир топ тоскоолдуктарга туш болгонун айтышууда. Унаанын акыркы кожоюнуна катталбай жүргөндүгүнөн улам, айып пул салынгандыгы жөнүндө билдирме жаңы кожоюнга эмес, расмий түрдө катталган мурдагы ээсине келип түшөт.

Машинаны мыйзамдуу өткөрүп берүүдөн эринген жарандар салыкчылардын да кылтагына илинет. Кыскасы, бул көп көйгөйдү жаратат. Адистердин айтымында, көпчүлүк төлөмдөрдөн качса, айрымдары эринет. Бирок, канчалык эринген менен мунун баарын баары бир аткарганга туура келет. Ошондуктан, жол кыймылын тескөөчүлөр унааны сатканда же сатып алганда мамлекеттик каттоо кызматынан каттатып, мыйзамдуу документтерин тактап койсо деген кеңештерин айтышат.