Жаңылыктар
КТРК: Байкоочу кеңештин курамына талапкерлер аныкталды
УТРК жаңылыктары
КТРК: Байкоочу кеңештин курамына талапкерлер аныкталды

Жогорку Кеңешинин тармактык комитети Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жылдык отчетун канааттандыраарлык деп тапты. Жыл ичи байкоочу кеңеш 15 жолу чогулуп 54төн ашык маселени карап, өз сунуштарын жетекчиликке  берген жана ал сунуштар КТРКнын расмий сайтына жайгаштырылган. Жыл ичи тармактык инфраструктураны өнүктүрүү, адистердин  квалификацияны жогорулатуу жана финансылык отчеттулуктун ачык болуусу камсыздалган. 2016- жылга белгиленген пландардын арасында Борбордук архив системасын тузүү ишке ашпай калган. 

Белгилей кетсек КТРКнын учурдагы байкоочу кеңеши 2012- жылы 18-апрелде ЖК токтому менен бекиген. Байкоочу кеңештин курамы 15 адамдан туруп, 5 жылга шайланат. Үстүбүздөгү жылдын 11- январында КТРКнын байкоочу кеңешине талапкерлер үчүн сынак жарыяланган. Анда президент 10, ЖК 6 талапкерди,   Жарандык коом 11 талапкерди  сунуштаган. 10- апрелде  Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына талапкерлердин тизмесин аныктады.

Эми талапкерлердин тизмеси Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында каралат. Депутаттар рейтингдик добуш берүү жолу менен Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу Кеңешинин курамы бекитилет.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"