Жаңылыктар
Орус тилдүү мектептерде кыргыз тили бааланбайт
Билим
Орус тилдүү мектептерде кыргыз тили бааланбайт

Бишкектеги орус мектебинде окуган кыргыз  балдардын 31 пайызы  гана кыргызча түшүнөт. Ал эми  маалымат-технологияларын кыргызча сүйлөтүп,  жасалма интеллект түзүү үчүн  жылпы элдин колдоосу зарылдыгы белгиленди.  Бул тууралуу “Мамлекеттик тилди эл аралык  стандартка ылайык деңгээлдер  боюнча  окутуу теориясы жана практикасы”-деп аталган  илимий-практикалык конференцияда сөз болду.  

Кыргызча үйрөнөлү десек да бул жок, тигил жок-дейбиз. Ал эми даяр турган Ишеналы Арбаевдин “Алиппе” китебиндеги жан-жаныбарлардын аттарын кыргызча билбейбиз, совет доорунда калыптанып калган  адабий тилдин нормасына ылайык кыргыз тилинин жазуу сүйлөө эрежесин  сактабайбыз. Эми кыргыз тилиндеги компьютер  же кыргызча тил таңгагын, кыргызча кол баскычты чанып, мурдатан көнүп калган башкаларын сатып алабыз. Айтор  өз тилибизде пайда болгон жетишкендиктердин кадырына жете албайбыз-дейт,  илимий жыйындын катышуучулары. 

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”