Жаңылыктар
АКШнын тышкы саясаты Россия жана Ирандын тынчын алууда
Дүйнө
АКШнын тышкы саясаты Россия жана Ирандын тынчын алууда

7-апрелде АКШ Сириянын аскердик аба майданына 59 канаттуу ракетасы менен сокку урду.  Трамп Идлиб Асаддын аймагындагы химиялык чабуул үчүн өч алуу деп билдирген. Вашингтондун соккусу Россия жана Ирандын тынчын алууда. 

Вашингтон Дамасктын  авиабазасынан  шейшембиде Сириянын  авиациясы   Хан-Шейхун аймагында Идлиб  шаарына  химиялык куралдар менен аба чабуулун жасап, ондогон бейпил адамдарды өлтүрдү деп кабарлаган. Пентагондун өкүлү билдиргендей, элүү "Томагавк"  ракетасы     Хомс  калаасындагы  Асаддын "Шайрат"  авиа базасына учурулган.  Ал эми  Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын  Сирияга жасаган ракеталык чабуулун эгемендүү   өлкөгө кол салган  деп санай  турганын анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Вашингтондун бул кадамы ансыз деле жабыркап турган Россия  менен АКШнын   ортосунда  мамилеге орчундуу  залака алып келет"-деп Песков баса белгиледи.  Ошол эле учурда  Асаддын администрациясы, Американын жасаганы акылсыздык жана жоопкерчиликсиз жүрүм-турум, бул анын алысты көрө албаганын, иштин чоо –жайын  билбеген аскер жана саясий сокурлугун ачыктап турат", - деп кескин айыптады. АКШнын Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Кремлди  Башар Асад менен мамилесин кайра кароого  чакырык таштады. Ошондой эле Вашингтондун өкүлү Россия Асадка такай колдоо көргөзүп келгени боюнча абдан кылдат ойлоно турган учур келди  деген талабын айтты. АКШнын чабуулун Улуу Британия, Германия, Франция, Израиль, Япония жана Сауд Аравия колдоп чыкты. Эң кызыгы Трамптын ушундай чечимин Түркиянын  башчысы Тайып  Эрдоган кубаттаганын билдирди.

Буга чейин ал Сирияда Роухани   жана Путиндин тынчтык орнотуу мүдөөсүн колдойм деп жарыялаган.  Андан тышкары Эрдоган Трамптын Сирияда абалга кийгилишем деген  убадасы  куру сөз бойдон калбашы керек. Эгерде  АКШ Сирияда аскер операциясын баштаса, анда Түркия колдойт. Ошондуктан Россия да АКШга кошулуп Асадты бийликтен кулатыш керек. Же болбосо  Москва Асадты коргогондон баш тартканы зарыл  деп Түркиянын президенти  жар салганын Anadolu маалымат агенттиги жазып чыкты. Дал ушул себептен Путин менен Эрдогандын   пикири дал келбей турган учуру. Анткени 1970-жылдардан бери Кремль Хафез  Асадды, андан кийин анын баласы  Башарды колдоп келет. 9-апрелде Россия  менен Ирандын  лидерлери  Владимир Путин жана Хасан  Рухани телефон  аркылуу сүйлөшкөндө АКШнын бул иш-чарасын кескин  сындаган.

Ал эми Тель-Авив үчүн  күрддөр мамлекетин түптөп алса, анда  келечекте  еврейлер алар менен  биригип  Жакынкы Чыгышта арабтарга каршы стратегиялык  жактан өнөктөш болот. Демек Израилдин тарыхында жаңы барак ачылат –деп орус кесиптеширибиз баса белгилейт. Бирок күрддөр Вашингтон жана  Тель-Авивдин  жардамына таянып , Иран жана Түркиядан жер талашып согуш жарыялашы мүмкүн. Анын үстүнө күрд улутунун арасында ынтымагы жок. Ошондуктан булардын арасында  бийлик менен жаратылыш   байлыгы үчүн жарандык согуш болушу толук мүмкүн. Дал ушул себептен жакынкы арада Жакынкы Чыгышта тынчтык орнобойт жана  террордук уюмдардын уюгуна айланат -     дейт россиялык Правда.ру интернет булагы. Эгерде Сириядагы абал боюнча  АКШ  менен Россия  тил табышпаса, анда Кыргызстанга сөзсүз терс таасирин тийгизет- дейт айрым эксперттер.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов, окуган Бакыт Тапаев болду.