Жаңылыктар
Таш-Көмүрдө 8 адам туздалган козу карынга ууланышты
Кыргызстан жаңылыктары
Таш-Көмүрдө 8 адам туздалган козу карынга ууланышты

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында, 8 адам туздалган козу карын жеп ууланышты. Ооруларды алдын алуу департаментинин тамак-аш бөлүмүнүн жетекчиси Токтогул Базарбаевдин билдиришинче, уулангандар арасында үч баланын абалы оор болуп, реанимацияда жатышат.

Алар ботулизмге шектелип 9-апрелдин кечинде ооруканага түшкөн. Маалыматка караганда бир үй-бүлө өздөрү жасаган туздалган козу карын жеп ууланышкан. 

Алгач үч бала оор абалда бейтапканага келсе, 10-апрелде дагы бешөө кайрылып, жалпы сегиз киши азыр ооруканада жатат. Базарбаев кошумчалагандай, Кыргызстанда жыл башынан бери ар кандай азыктардан ууланган 31 учур катталып, 68 адам жабыркаган.