Жаңылыктар
Ош шаарынын жолдору быйыл оңдоо иштеринен өтпөйт
Экономика
Ош шаарынын жолдору быйыл оңдоо иштеринен өтпөйт

Анткени бюджеттен болгону 15 миллион сом  акча бөлүнгөн. Жолдор башкармалыгынан билдиришкендей быйылкы жылы да жолдорду  жамоо менен гана чектелишет. Бирок шаар тургундары жана айдоочулар жолдор оңдолбосо автоунаалардан түшкөн салыктар кайда кетип жатат деп нааразы. Тамтыгы чыккан  жолдордо жүргөн айдоочулардын тапкан кирешесинин көбүн темир тулпарын оңдоого  жумшаарын айтышат. 

Өткөн жылы мекемеге 60 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл ошол 15 миллион сомду эле карап отура бербей, республикалык бюджеттен да каражат бөлдүрүүгө аракет көрүлүп жатканы маалымдалган болчу. Бирок ошондо да жамоо иштери гана жүргүзүлөөрү айтылган.

Асанбек Пазыл,  "Биринчи радио", Ош шаары