Жаңылыктар
Казакстан: мектеп директору 16$ пара үчүн катуу жазага тартылды
Коррупция
Казакстан: мектеп директору 16$ пара үчүн катуу жазага тартылды

Казакстандын Кызыл Ордо облусундагы мектеп директору кол алдында иштеген мугалимден беш миң теңге (16 долларга жакын) пара алгандыгы үчүн мүлкү конфискацияланды. Окуу мекемесинин жетекчиси айлык маянаны көбөйтүү үчүн мугалимден акча талап кылган.

Ошондой эле ал өмүр бою билим берүү тармагында иштөө укугунан ажырап, 250 миң теңге айыпка жыгылды. 

Айылдагы мектеп директору мугалимге кошумча саат бөлүп берүү үчүн андан беш миң теңге талап кылып, кийинчерээк пара алып жаткан жеринен кармалган. 

Директор соттун чечими менен Кылмыш жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча айыптуу деп табылды.