Жаңылыктар
Сахна: “Илегилек” пьесасы (аудио)
Маданият
Сахна: “Илегилек” пьесасы (аудио)

Белгилүү драматург,  Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Султан Раевдин “Илегилек” пьесасынын негизинде “Тунгуч” театры жаңы спектаклин кыргыз көрүүчүлөрүнө тартуулады.  




Спектаклдин автору жана коюучу режиссеру Кыргыз Эл жазуучусу - Султан Раев

Сценографы-белгилүү театр сүрөтчүсү - Бакыт Тилекматов

Спектаклдин бийин койгон - Имаш Ажыкул

Спектаклдеги башкы ролдордо  - Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова, жаш актриса Тазима Уметалиева жана жаш актер Имаш Ажыкул.

Спектаклдин негизги өзөктүү окуясы, муундар менен муундардын ортосундагы мамиле, ажырым маселесин  козгоп, көз караштардын жана дөөлөттөрдүн карама-каршылыгы, небересинен кайрымдуу мамиле күткөн мусапыр кемпир....,  өз бактысын чет өлкөдөн издеп, сүйүүгө  мас болгон  кыз...  

“Сахна” уктуруубуздан дал ушул аталган спектакль туурасында сөз кылабыз. Уктурууну даярдаган Бермет Камбарбекова.