Жаңылыктар
Ат-Башы районундагы "өзгөчө кырдаал" алынды
Өзгөчө кырдаал
Ат-Башы районундагы "өзгөчө кырдаал" алынды

Нарын облусунун Ат-Башы районуна киргизилген "өзгөчө кырдаал" режими алынды. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

Министрликтин маалыматына караганда, Ак-Сай өрөөнү менен байланыштырган каттам кардан тазаланып, мурдагыга караганда кардын көлөмү азайып калгандыктан, облустун жарандык коргонуу комиссиясы "өзгөчө кырдаал" режимин алып салды. 

Эми Ак-Сайга тоют жана тамак-аш жеткирүүгө кыйынчылык жок, - деп айтылат маалыматта. Ат-Башы - Ак-Муз - Кында жана Кында - Көк-Кыя жолу кардан тазаланып, учурда толук кандуу иштеп жатат.