Жаңылыктар
Президент Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды
Экономика
Президент  Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Толкунбек Абдыгулов өлкө экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуу жана кредиттер боюнча проценттик ченемдерди азайтуу максатында Улуттук банк жасап жаткан иш-чаралар тууралу Мамлекет башчысына айтып берди. 

«Быйыл жыл башынан бери өнөр жайындагы, айыл чарбасындагы, соода, курулуш, транспорт жана байланыш тармактарындагы, туристтик чөйрөдөгү, андан тышкары кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы долбоорлорду каржылоо үчүн Улуттук банк сунуш кылган каражаттардын жалпы көлөмү 3 млрд сомду түздү. Акыркы заемщиктер үчүн бул кредиттер боюнча максималдуу проценттик ченем 12 пайыз өлчөмүндө белгиленди», - деп билдирди Толкунбек Абдыгулов. 

Президент Алмазбек Атамбаев өлкө экономикасынын узак мөөнөттөгү туруктуу өсүшүн камсыздоо максатында, кредиттер боюнча проценттик ченемдерди дагы ылдыйлаткан чараларды көрүп, экономиканын ар кыл тармактарын колдо бар ресурстар менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.