Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! 12-14 - апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Шашылыш билдирүү! 12-14 - апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт

12-13-14-апрелде түнкүсүн  көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде  карга айланышы мүмкүн, 13-апрелде жана 14-апрелде  түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

14-15-апрелде түнкүсүн Талас өрөөнүндө, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо  0…-2° жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет.

2017-жылдын 12-16-апрелинде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош авто унаа жолунун 121-138 чакырымдарымы болгон Төө-Ашуу ашууда, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя авто унаа жолунун 71-74 чакырымдары, Каракол-Эңилчек авто унаа Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак авто унаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда, Бишкек-Нарын-Торугарт авто унаа жолунун Долон ашуусунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт,  жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл, - деп эскертет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

2017-жылдын 11-апрелинде күндүз жана 12-13-апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.