Жаңылыктар
Профессор: «Кээ бир бет майлар бөйрөккө терс таазирин тийгизет»
Ден соолук
Профессор: «Кээ бир  бет майлар бөйрөккө терс таазирин тийгизет»

«Кээ бир бет майлар бөйрөккө терс таасирин тийгизет», -дейт КР эмгек сиӊирген дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор Рысбек Калиев. Анын айтымында, жакында эле Африкада балдар бетти агартуучу бет майды кыздарга белек кылышкан. Аны денесине да сүйкөшөт. Агарууну каалаган кыздардын бөйрөктөрү жабыркаган. Көрсө, ал бет майлардын курамында сымап болгон. Бул орган үчүн уулу зат болуп эсептелет. Андан тышкары, аял заты колдонуп жүргөн тырмактын боегун тазалоочу каражаттардын баарында уулу заттар бар. Алардын баары акырындык менен адамдын организимине терс таасирин тийгизип, өзгөчө бөйрөктү жабыркатат. Көпчүлүгүбүз кайсы бир нерсенин курамында уулу зат бар болгонун эске албайбыз. Аларды кызыгуу менен колдоно беребиз.

Бөйрөк организмде көп функцияны аткарат. Мисалы организмдеги суунун көлөмүн сактап, кандагы уулу заттардын чыгышына өбөлгө түзөт.  Башкача айтканда чыпкалоочу. Кереметтүү органдардын бири бөйрөк.

Эгерде учурунда дарыгерлер туура диагноз коюп туура даарыласа, өнөкөт оорулардын алдын алса болот. Ошондой эле ар бирибиз өзүбүздүн ден соолугубузга кам көрүшүбүз керек. Ар дайым салмакты, кан басымын, кандагы гемоглобинди, зааранын өзгөрүүсүн текшертип туруу абзел. Кээде инфекциялык ооруларга чалдыкканда жөнөкөй эле парацетомол даарысын туура эмес колдонгонуп, бөйрөгү иштебей калган бейтаптар дагы бар. Ар бир ооруну өз убагында туура дарылоо керек. Себеби үч айдан ашык ооруса өнөкөт ооруга айланат. Андан тышкары цитрус өсүмдүктөрүнүн организмге терс таасирин тийгизет. Эгер жыйынтыктай кетсек, менин ден соолугумдун чыӊ болушу менин колумда.

Жеңишгүл Тоголокова