Жаңылыктар
Бишкек: күйүүчү май ташыган бензовоз күйүп кетти
Өзгөчө кырдаал
Бишкек: күйүүчү май ташыган бензовоз күйүп кетти

Бүгүн Бишкекте күйүүчү май ташыган 40 тонналык бензовоз күйүп кетти. Фучик көчөсүндө май ташыган көлөмдүү бензовоздун күйүп жатканы боюнча маалымат өзгөчө кырдаалдар министрлигинин күзөт бөлүмүнө таңкы саат 6.20да келип түшкөн.

Кырсыкты жоюуга 3 автомашина тартылып, саат тогуздардан кийин өрт өчүрүлдү. Алдын ала маалыматтарга караганда цистернада 10 тоннага жакын күйүүчү май бар болгон.