Жаңылыктар
Турак- жайын камсыздандырган жарандардын саны көбөйүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Турак- жайын камсыздандырган жарандардын саны көбөйүүдө

Гүлсина эне Жалал-Абад шаарындагы мына бул эки бөлмөлүү батиринде неберелери менен жашайт. Турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу тууралуу маалыматты угуп, дароо үйүн камсыздандырган. Эң эл жакшысы камсыздандырып коюп, санааң тынч жашасаң болот дейт.

“Жылына 1200 сом төлөйсүң, бул аз эле сумма да. Кудай сактасын эгерде бир кырсык болсо сага компенсация төлөп берет. Турак жайды камсыздандырбасак Кудай сактасын эгер бир жаратылыш кырсыгы болсо кантип аласың каражат. Ошондуктан турак жайды камсыздандыруу керек”,- дейт Жалал-Абад шаарынын тургуну Гүлсина Абесбаева.

Батыш мамлекеттеринде турак жайды камсыздандыруу кызматы өтө жайылган кызмат. Биздин өлкөдө камсыздандырууга болгон көз караш бир аз башкача. Себеби көптөр камсыздандырууну пайдасыз чыгым деп эсептейт. Эгер жаратылыш кырсыгы болуп кетсе же өрт чыкса турак жайга зыян келиши толук мүмкүн. Мындай учурга жылыга өлкөнүн жүздөгөн жарандары кабылат. Бирок арасынан айрымдары гана кенемте ала алышат.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айтсак 2016-жылы 7 камсыздандыруу учуру болгон. Камсыздандыруу төгүмүнүн көлөмү 1 миллион 419 миң 200 сомду түзгөн. Ал эми быйылкы жылдын биринчи кварталында төрт учурга 732 миң сомдук төгүм жүргүзүлгөн.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын айтымында жылдан жылга өзгөчө жаратылыш кырсыктары көбөйгөн сайын турак жайын камсыздандырган жарандардын саны көбөйүп жатат.

Камсыздандыруу компаниясы ишмердүүлүгүн баштагандан бери же эки жылдан ашык убакыттын аралыгында 15 миңге жакын турак жай камсыздандырылган. Өзгөчө элет жергесинде үй мүлкүн камсыздандыргандар көбөйдү. Быйылкы жылдын төрт айынын ичинде 3 810 болуп, анын 849у өлкөнүн шаарларында, ал эми калган 2 961 турак жай айыл жергесинде ишке ашкан. Пайыздык чен өлчөм боюнча алганда шаар жергеси 22%, элет аймагы 78% түзөт.

Турак жайды камсыздандыруу үчүн көп деле документин кереги жок. Болгону турак жайдын техпаспорту жана үй ээсинин паспорту керек. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун кеңселери өлкөнүн бардык аймактарында иштейт. Айыл жергесиндеги турак жайды камсыздандырууга жылына 600 сом, ал эми шаардагылар үчүн камсыздандыруу полисинин наркы 1 миң 200 сомду түзөт. Өлкөдө жаратылыш кырсыктары катталган учурлар көбөйүп жаткандыктан камсыздандыруу уюму дагы жарандарга турак жайын алдын ала камсыздандырууну эскертүүдө. Эгер кандайдыр бир өзгөчө кырдаал болуп, турак жайы жабыркаса адистер барып ошол зыяндын ордун толтуруп кенемте төлөп берет.