Жаңылыктар
Бөөдө кырсыктан кошуналарын сактап калган Сакен апа
Өзгөчө кырдаал
Бөөдө кырсыктан кошуналарын сактап калган Сакен апа

Өзгөн районундагы Ийри-Суу айыл аймагында унаа өтүүчү жолдор толук жабылып, кыйынчылыктарды жаратууда. Бул аймакта акыркы эки күн ичинде үч жерде ири көлөмдөгү жер көчкү түшкөндүктөн ички чарбалык жолдор жабылып, айрым айылдын тургундары электр жарыгы жок калышты. Жагдайды жеңилдетүү максатында ӨКМ тарабынан убактылуу айланма жол салынды.

Өзгөндүн Ийри-суу айыл аймагына караган Жаңгакты айылынын Токто участкасында жер көчкүсү жүрдү. Жалпы көлөмү 700 миң кубо метрди түзгөн көчкү мындагы эки турак үйдү баскан. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген жок. Адистердин белгилөөсүндө, аталган аймак 2006-жылы эле кооптуу аймактардын катарына кирген. Мындан улам, жергиликтүү жашоочуларга мамлекет тарабынан ар кандай жардамдар берилип, коопсуз жайга чыгарылган. 

Көчкүнүн жыла баштаганын алгачкылардан болуп, Сакен Дарбагаева байкаган. Ошол замат чырылдап, кошуналарынын баарына телефон чала баштаган. Бул аракети менен, Сакен апа, кооптуу аймакта бейкапар уктап жаткан 50дөй тургунду бөөдө кырсыктан сактап калды.
Сакен апанын телефон чалуусунан улам, ойгонуп, аман калгандардын катарында Нургүл Жунусованын да үй-бүлөсү бар. Ылай аралашкан топурак, үйдүн чарбагын басып, короосуна чейин кирип келген. Азыр ал, эки баласы менен убактылуу жайда баш калкалоодо. 


Жергиликтүүлөрдүн айтымында, жердеги жараканын пайда болгонуна 10 жылдай болгон. ӨКМ тарабынан канчалаган эскертүүлөргө карабай, тургундар өз өмүрлөрүн тобокелге салып жашап жатышкан. Дал ушул аймакта кооптуу абал жаралган учурдан тартып, же 2006-2007-жылдары коопсуз жайга көчүрүлүп, жер тилкелерин алган 20 үй-бүлөнүн тизмесине Дурусбек Жунусовдун да үй-бүлөсү катталган. 
Өз өмүрүнө салкын мамиле кылган жарандарды коопту аймактардан милдеттүү түрдө көчүрүүнү азыр жергиликтүү бийлик колго алды. Азыркы тапта, чыныгы жер тилкелерине муктаждардын саны, Зергер менен Ийри-суу аймактарында 150дөн ашты. Бирок бул жарандарга жер тилкелерин бөлүштүрүүдө атайын комиссиянын корутундусу талап кылынат.

"Азыркы тапта жалпы 150-160тай жаран жер тилкесине муктаж экендиги туурасында маалымат бар, бирок булар боюнча атайын комиссия иштеп жатат, ошол комиссиянын чечиминен кийин гана бул жарандарга жер тилкелерин беребиз",- деди Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев.

Бир аймактан түшкөң эки көчкүнүн аралыгы анча деле алыс эмес. Мындан улам, эки бирдей түшкөн көчкү айыл аралап аккан Жаңгакты суусун бөгөп калган. Натыйжада, ылай аралашкан көчкү 1,5 чакырымга чейин агып келип, айылдагы өтмөктөр менен ички чарбалык жолду басып калган. ӨКМ жергиликтүүлөргө экинчи айыл аркылуу айланма жол ачып берди.
Көлөмү 500 кубометр деп болжолдонуп жаткан үчүнчү көчкү - Өзгөн району менен Ор-Казган айылын бириктирген унаа жолдо түшкөн. Мындан улам, айылдагы 150дөй кожолукка борбор менен байланышуу түйшүк жаратууда. 
Соңку бир ай аралыгында эле, Зергер жана Ийри-Суу айыл аймактарында онго чукул жер көчкүсү жүрүп, алты жай тургундун өмүрүн алды. Кооптуу делинген аймактардан 200дөй үй-бүлө убактылуу коопсуз жактарга көчүлгөн.