Жаңылыктар
Айыл чарбасын каржылоо үчүн жеңилдетилген насыялар берилүүдө
Айыл чарба
Айыл чарбасын каржылоо үчүн жеңилдетилген насыялар берилүүдө

“Айыл чарбасын каржылоо-5” долбоорунун алкагында, жыл башынан бери коммерциялык банктар тарабынан дыйкан фермерлерге 1 миллиард сомдон ашык өлчөмдөгү каражат, насыя катары берилди. Биринчи баскычта берилип жаткан жеңилдетилген насыя, жазгы талаа жумуштарына жумшалат. Экинчи этапта дагы 3 миллиард сомдон ашык каражат каралат.

Нарын районундагы Өрнөк айылынын тургуну Жолдошбек Моңолдоров быйыл 500 миң сом жеңилдетилген насыя алды. Буга чейин ушундай ыкма аркылуу мал чарбачылыгын өнүктүргөн фермер, 10 пайыздык насыянын үч жылдык мөөнөткө берилиши төрт түлүктү көбөйтүүгө мыкты шарт түзөөрүн айтат. Дыйкан алган насыя каражатын бодо малды бордоп семиртүү жана кой башын көбөйтүүгө жумшап жатат.
Жолдошбек сыяктуу чарбасын кеңейтем деген дыйкан, фермерлер үчүн жеңилдетилген насыялар алты банк аркылуу берилип жатат. Жалпы болуп биринчи этапта 3 млрд 300 млн сомго чейин каржылоо болот. Бүгүнкү күндө үч миң үч жүз чарбалык субъект 1 миллиард 241 млн сомдон ашыгыраак суммага насыя алды.
Жылдан жылга жеңилдетилген насыя алууну каалаган дыйкандар көбөйүп жатат. Эгер былтыркы жылы 13 300 чарбалык субъект насыя алган болсо, быйыл алардын саны 20 миңге чейин жетет деген божомол бар.

“Биздин дыйкандар кыжаалат болбой эле койсо болот. Айыл банкта 500 млн сом акча каражаты бар. Айыл банкта 700 млн жакын акча бар берип жатат. АКБ Кыргызстанда 250 млн сом акча бар экен. 2млрд 100 млн сом акча бар ошондуктан дыкандар кыжаалат болбостон документтерин берип насыяларын алса болот”,- деп билдирди Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев.
“Айыл чарбасын каржылоо” долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында 2013-жылдан бери бардыгы болуп, 53 590 чарбалык субъект - 17 млрд 100 млн сомго насыяланган. Насыянын негизги бөлүгү же 13 млрд 700 млн сом мал чарбачылыгына берилген. Бул жалпы сумманын 80% түзөт. Өсүмдүк өстүрүү тармагы 1,5 млрд сомго насыяланган же 5989 чарбалык субъект насыя алган. Ал эми айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө 423 субъект жалпы көлөмү 1 млрд 700 млн сомго насыя алган.

Коммерциялык банктардын өкүлдөрү билдиргендей дыйкандар үчүн насыяны алуунун шарттары да бир топ жеңилдеген. 250 миң сомго чейин насыя алууну каалаган дыйкандар болгону паспорт, нике тууралуу күбөлүк, жана мал менен айыл чарбасына ылайык жер үлүшү тууралуу документтерди тапшырат. Кредиттерди убагында кайтаруу жагынан да маселе жок.

Азыркыга чейин уланып жаткан насыянын көп бөлүгү мал чарбачылыгына берилди. Тилекке каршы айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө алган насыянын өлчөмү азыраак. Айыл чарба адистери бул багытта элетте тиешелүү жумуштарды жүргүзүп жатканын айтышат. Анын үстүнө бул тармакка жеңилдетилген насыянын эң төмөн пайызы каралган.