Жаңылыктар
Иш кызып турган жерде ийгиликтер жаралат
Экономика
Иш кызып турган жерде ийгиликтер жаралат

Айымдардын саркеч кийимдерин тиккен тигүү ишканасы өз ишин жакшыртып, жабдыктары менен имараттары жаңырды. Бул үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу акча бөлгөн. Эми тигүүчүлөр айымдардын ар кандай кийимдеринин үлгүлөрүн ойлоп таап сатыкка чыгара баштады.

Адатта тигүүчү дегенде эле көзгө кыз-келиндер элестейт. Бирок Азамат 10 жылдан бери ушул машинадан отуруп, ар кандай кийимдерди тигип, иштеп келет. Айтымында бул жумуш каражат жагынан ага көп пайдасын тийгизди. Бул тигүүчү ишкана айымдардын саркеч кийимдерин чыгарышат. Ал үчүн атайын адистер тартылып, жаңы үлгүдөгү кийимдерди ойлоп, табышып, сатыкка чыгарууга үлгүрүшкөн.
Жалаң айымдардын саркеч кийимдерин чыгарган ишкана иштеп жатканына он жыл болду. Бул убакыт ичинде алар кыз-келиндер үчүн заманбап кийимдердин жаңы үлгүлөрүн ойлоп таап, чет өлкөдөн кардар тапканга үлгүрүшкөн.
Учурда кыргыз-орус өнүктүрүү фондусу мындай ишканаларды колдоо үчүн 12 пайыздык насыя берүүдө. Эми ишкерлерге дагы каражат алуу үчүн жеңилдиктер каралып жатат. Ар дайым жумуш кызып турган жерде гана өнүгүү болот. Ишканалар өнүккөн сайын анда иштеген кызматкерлердин дагы жашоосу жеңилдейт.