Жаңылыктар
Кичинекей таланттуу мекендештерибиз Москвага чакырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кичинекей таланттуу мекендештерибиз Москвага чакырылды

Беш жаштагы эгиз кыздар Айпери менен Нурпери Орусиянын Биринчи каналындагы Максим Галкиндин “Лучше всех” шоусуна катышат. Эгиздердин бири катыра бийлесе, экинчиси мукам үнү менен ырдайт. Буга чейин Нурперинин өзбек ырына бийлеген бийи интернетке жүктөлүп, көрүүчүлөрдүн алкышына татыган. Беш жаштагы Нурперинин өзбек ырына эргип бийлеп жаткан учуру.
Бул тасма саналуу күндөрдө эле интернетке тарап, Нурпери Тургуналиева интернетти жарган бийчиге айланган. Анын видеодо бийлеген өзбек бийи интернет колдонуучуларынын алкышына татыган. Таластын куруттай кызы буга чейин кыргыздын “Кара жоргосун” катыра бийлеп, анда да интернет жылдызына айланган.
Нурпери көбүнчө элдик бийлерди аткарат. Эки жашынан баштап бий менен дос болгон. Азыр күндөн-күнгө өнөрүн өркүндөтүп, ийкемдүү ыргак кыймылдарын байытып жатат.

“Бийлегенди абдан жакшы көрөм. Интернеттен үйрөнөм. Мага кыргыз, өзбек жана лезгинка бийлери абдан жагат”,- дейт Нурпери Тургуналиева.

Нурпери жакында Бишкекте өткөн "Х фактор" сынагын жеңип, Кытайга жолдомо алган. Андан сырткары, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда талантын көрсөтүп келет.
Кызынын интернет менен дүйнөгө атагы чыгып, жылдыз болуп кетери жети уктаса да апасынын түшүнө кирбептир.
Нурпери Россиянын Биринчи каналынын Максим Галкин алып барган “Лучше всех” шоусуна чакыруу алды. Бардык чыгымдарды толугу менен Биринчи канал төлөп бермей болгон. Жакын арада таланттуу кыз Москвага карай жол тартат.