Жаңылыктар
Ө. Бабанов Кыргыз-орус фондунан насыя албаганын маалымдады
Кыргызстан жаңылыктары
Ө. Бабанов Кыргыз-орус фондунан насыя албаганын маалымдады

“Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов маалымат жыйын куруп, жеке өзүнө жана туугандарына таандык мүлктөрү тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, Бишкектин Айтматов проспектисинде жайгашкан “Азия Молл” соода борборунун курулуш иштери үчүн Кыргыз-орус фондунан 17 миллион доллар суммасындагы насыяны ал өзү эмес, жакын тууганы алганын билдирди. Курулушу жүрүп жаткан соода борбору анын жакын туугандарына таандык. 

Буга чейин интернетте Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду өзүнүн уставына каршы иш жүргүздү. Негизи фонд саясий партиялар менен саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн адамдарды каржылабастан, каражатты экономикалык жактан өнүктүрө турган багыттарга гана бериши керек болчу деген маанайдагы такталбаган маалыматтар чыгып кеткен.

"Кыргызстанда 500 миллион кийнки 500 миллион экономиканы көтөрө турган болсо, россиялык фонд каржылаш керек. Ал каражат курулушка кетип жатат, экономикага пайда алып келет",- деп билдирди “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов.