Жаңылыктар
Дача СУ: айылдыктардын өткөргөн митингине карай өкмөттүн билдирүүсү
Кыргызстан жаңылыктары
Дача СУ: айылдыктардын өткөргөн митингине карай өкмөттүн билдирүүсү

Дача айылынын тургундарынын элди көчүрүү талабы менен өткөн митинги боюнча өкмөт төмөнкүдөй билдирүү жасады.

Азыркы тапта, кырсыктан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга компенсация төлөп берүү боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөр жыйынтыктоочу этабында турат. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев башында турган Өкмөттүк комиссиянын, кырсык болгон учактын ээлери жана камсыздандыруу компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу, 2017-жылдын 5-апрелинде өткөн.


Каза болгондордун жакындарына компенсация берүү, денесинен ар кандай жаракат алгандарга материалдык колдоо көрсөтүү, мамлекет тарабынан кеткен чыгымдарды төлөп берүү боюнча эки тарап бирдей макулдашууга келген. Документтерди толуктоо техникалык мүнөздөгү маселелер чечилүүдө. Жабыркагандар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өз убагында маалымат алышкан. Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү алар менен дайыма тыгыз байланышта. Акыркы жолу учак кырсыгынан жабыркагандар менен жолугушуу 6-апрелде болгон.
Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жабырлануучуларга колдоо көрсөтүү максатында ачылган атайын эсебине, жүк ташуучу учактын ээси болгон түркиялык авиакомпаниядан 600 миң АКШ доллары түштү. ӨКМ эсебине которулган каражат буга чейин Өкмөттүк комиссия жалпы чыгымдарды эсептеп жиберген 195 млн сомдун бир бөлүгү болуп эсептелет.
Дача конушунун тургундарын башка жакка көчүрүү маселеси өкмөттүк деңгээлде чечилет жана артыкчылыктуу тартипте каралат. Өкмөт баса белгилегендей, азыркы тапта каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга компенсация төлөп берүү - эң биринчи маселе бойдон турат.