Жаңылыктар
Медресенин саны Өзбекстанга караганда, Кыргызстанда он эсе көп
Дин
Медресенин саны Өзбекстанга караганда, Кыргызстанда он эсе көп

Медресенин саны Өзбекстанга караганда, Кыргызстанда 10 эсе көп. Мындай маалымат Булан-тынчтыкты бекемдөө инновация институтунун отчетунда камтылган. Эгерде Өзбекстандын 30 миллион калкына 1 ислам университети жана 9 медресе жетиштүү болсо, 6 миллион калкы бар Кыргызстанда 112 диний билим берүү мекемеси бар экени жазылган  баяндамада. Эксперттердин айтымында, Өзбекстанада башынан эле дин саясаты салттуу исламга негизделген. Алар исламга жамынып баш айланткан ар кандай диний агымдын  жайылышына жол берген эмес. 

Кыргызстандагы козу  карындай жайнаган медреселердин демөөрчүлөрү чет өлкөлүк акчалуу адамдар экени да ойго салбай койбойт. Булан институту бул Борбордук Азияда тынчтыкты орнотууда  бирден-бир түйүндүү маселе катары белгилейт. 

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”