Жаңылыктар
Мыйзамсыз соодага жол жок
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз соодага жол жок

Сокулук районунун Ново-Павловка айылына караштуу Фрунзе көчөсүндө мыйзамсыз көмүр жана күйүүчү май каражаттарын саткан жарандарга эскертүүлөр берилди. Аталган аймакта тургундар мыйзамсыз, башаламан, өмүргө коркунучтуу, экологияны бузуу менен соода кылганы аныкталган. 

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын адистери соода кылган жарандардан 10 күндүн ичинде мыйзамсыз ишмердүүлүктү токтотуу боюнча милдеттенмелерди алды. Инспекциянын койгон талаптары аткарылбаса, материалдар каржы полициясына укуктук баа берүү максатында өткөрүлүп, катаал чаралар көрүлөт. 

Аталган текшерүү иштерине райондун бардык укук коргоо органдары тартылды. Учурда жол боюндагы мыйзамсыз соода жайларын жокко чыгаруу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.