Жаңылыктар
Сапатсыз курулган жол талапка туура келбейт
Экономика
Сапатсыз курулган жол талапка туура келбейт

Бишкекте жолдордогу оюктарга толуп калган сууну тазалабай туруп үстүнө асфальт төшөп жаткан жолчулардын айынан транспорт жана жолдор министрлигинин 5 жетекчиси жумуштан алынды. Мындан сырткары, министрдин орун басары Азимкан Жусубалиевге сөгүш жарыялоо сунушталып, Жол чарба департаментинин директору Арстанбек Ибраевге жана эки кызматкерге эскертүү берилди. 

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармакка жолдордогу аң-чөнөктөргө суу толгонуна карабай асфальт куюп жаткан видео тараган. Видеону көргөн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков траспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилвду кабыл алып, талап бузгандар жоопкерчиликке тартылыш зарылдыгын белгилеген. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"