Жаңылыктар
12-апрель - космонавтика күнү (жаңыланды)
Кыргызстан жаңылыктары
12-апрель - космонавтика күнү  (жаңыланды)

12-апрель - эл аралык Авиация жана космонавтика күнү. 1961-жылы 12-апрелде советтик космонавт Юрий Гагарин алгачкы жолу космоско учкан. 

Бул күнгө карата "Орусия космосу" деп аталган иш-чара Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өтөт. Иш-чараны Кыргызстан элдер ассамблеясы, "Гармония" орус маданий борбору жана Улуттук китепкана биргелешип уюштурган. Көргөзмө советтик белгилүү космонавттардын туулган күндөрүнө да арналган. Анда ракеталардын макеттери, сүрөттөр, космос менен байланышкан маркалар, төш белгилер коюлат. 

Ошондой эле, «Космос үчүн күрөш» көркөм тасмасы да көрсөтүлөт. Ага чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, илим жана маданият кызматкерлери чакырылган.