Жаңылыктар
Эркектердин депрессияга кабылуусу көп катталууда
Ден соолук
Эркектердин депрессияга кабылуусу көп катталууда

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1000ден ашуун адам депрессияга түшкөндүгү катталган. Депрессияга кабылган адамдардын 75 пайызын дарылоого болот, бирок абдан терең депрессияда болсо анда мүмкүн эместигин айтышат адистер.

Депрессия медицинанын тилинде физикалык жана психикалык жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү болуп эсептелет. Ал мезгил алмашканда пайда болуп, өзгөчө жаз, күз айларында анын козголушу күчөй баштайт. Депрессияга кабылган адамда жаман ойлор көп болот. Ошондуктан мындай учурда таза абада көбүрөөк сейилдеп, ар кандай көңүл ачуучу программаларды көрүп, кызыктуу китептерди окуса жакшы натыйжа берет дейт психолог Мээрим Окошова.

Даарыгерлер депрессиядан чыгууда алгач адам өзү аракет кылып,  жакын адамдары менен көбүрөөк баарлашса жакшы болорун кошумчалайт. Адистердин мындай пикирин  шаар тургундары дагы колдошот: Изилдөөлөргө караганда өлкөдө акыркы 8 жыл аралыгында аялдарга караганда эркектердин депрессияга кабылуусу 2 эсе көп катталган. Мындай көрсөткүчтүн көп болуусу үй-бүлөлүк шартка да байланыштуу.

Депрессияга кабылбоо үчүн түстөргө да маани берүү зарыл. Кызыл, кочкул кара түстөр адамды бат чарчатып, депрессияга алып келет. Ошондуктан адистер көгүлтүр, ачык жашыл түстөгү кийимдерди тандоону сунушташат. Анткени мындай өңдөр көңүлдү көтөрүп, жаркын жашоого багыт берет.

Наргиза Бакытбек кызы, "Биринчи радио"