Жаңылыктар
Кыргызстандын 95 пайызы санариптик берүү менен камтылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын 95 пайызы санариптик берүү менен камтылды

Кыргызстандын 95 пайызы санариптик берүү менен камтылып, калктын 50 пайыздан ашыгы жаңы ыкмага өтүштү. Азыр алыскы тоолуу аймактарда сигнал жеткирүү үчүн жабдууларды орнотуу иштери кызуу жүрүп жатат. 

Эске салсак дүйнөнүн жүздөн ашуун мамлекети анын ичинде Кыргызстан дагы “Женева -2006” регионалдык келишимине  кирген. 

Буга ылайык  өлкө 2017-жылдын 15-майында эфирдик санариптик берүүгө өтүүсүн аякташы керек. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"