Жаңылыктар
Эмгек келишимди жөнөкөйлөтүү зарылдыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Эмгек келишимди жөнөкөйлөтүү зарылдыгы

Эмгек келишими жок иштеп жаткан кыргызстандыктардын саны жыл сайын өсүүдө. Бул тууралуу социалдык коргоонун эң аз деңгээли жөнүндө улуттук диалогдо маалым болду. 

Улуттук статистикалык комитет 2015-жылы эмгекке жарамдуу калктын 70 пайызы формалдуу эмес тармакта иштегендигин маалымдады. Негизинен алар - өнөр жай, соода жана тейлөө тармагында эмгектенгендер. 

Бул чоң көрсөткүч жана ар бир эле жаран социалдык төлөмдөрдүн маанилүү экенин түшүнө бербейт. Демек, эмгек келишимдерин жөнөкөйлөтүү кажет. 

Мисалы, түштүктө тамеки жана пахта аянтында иштегендердин көбү жаш балдар жана энелер. Ошондой эле балдарын чоң ата, чоң энелерине таштап коюп, мигрант болуп чет мамлекеттерде иштеген үй-бүлөөлөр бар. 

Иш чаранын катышуучуларынын баамында, балдарга ата-энелик мээрим берилбей калууда. Андыктан эне-балага жардам берүү үчүн, колдон келишинче социалдык кепилдиктерди көбөйтүү керек.