Жаңылыктар
Майлуу-Сууда жер көчкү жүрдү
Өзгөчө кырдаал
Майлуу-Сууда жер көчкү жүрдү

Майлуу-Суу шаарында жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жер көчкү 11-апрель күнү саат 12:00 чамасында, Сары-Бээ айыл аймагынын Көйгөй айылында жүргөн. Анын көлөмү 6 миң метр кубду түзүп, 10 турак үйгө 150 метр жетпей токтогон. Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын негизинде 10 турак үйдүн жашоочулары туугандарыныкына көчүрүлдү.