Жаңылыктар
«Чоң жетиге» кирген өлкөлөрдүн ТИМдеринин саммити өтүүдө
Дүйнө
«Чоң жетиге» кирген өлкөлөрдүн ТИМдеринин саммити өтүүдө

Италиянын Лукка калаасында «Чоң жетиге» кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин саммити өтүп жатат. Жыйындын алдында Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Сирияда өткөн жумада болгон химиялык чабуулдан кийин сириялык жана россиялык аскерлерге каршы жаңы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланаарын айткан. 

Жергиликтүү эксперттер талкууланып жаткан санкциялар саясий мүнөзгө ээ экенин белгилешет. Россия аскерий жактан көз карандысыз өлкө- андыктан андан жапа чекпейт, тескерисинче буга чейинки экономикалык санкциялар Россияны ички ресурстарына таянып өнүгүүсүнө жол ачты деп белгилешсе,  стратегиялык өнөктөш өлкө болгон Россия аркылуу Кыргызстанга да санкциялардын  түз таасири болот деген ойду аткандар да бар. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"