Жаңылыктар
Ден соолук кербени Ош облусунда
Ден соолук
Ден соолук кербени Ош облусунда

Ош облусунун дарыгерлер тобу "Ден соолук кербени" долбоорунун алкагында апрелден - сентябрь айына чейин айыл-кыштактарга барып, калкка акысыз медициналык жардам көрсөтүшөт. 

Дарыгерлер тобунун курамында кардиолог, эндокринолог, ревматолог, гинеколог, психиатр өңдүү адистер бар. Атайын унаалар менен медициналык жабдыктарды алып барган дарыгерлер жеринде дартты аныктап, ооруканаларга жолдомо берет. Элге түрдүү жардамдар көрсөтүлөт. Элди кабыл алуу акысыз жүргүзүлөт. Ал эми дарыгерлерди тамак-аш, жатакана менен камсыздоо жергиликтүү бийликке жүктөлгөн.