Жаңылыктар
Таласта топурактын курамын текшерүүчү лаборатория ачылды
Айыл чарба
Таласта топурактын курамын текшерүүчү лаборатория ачылды

Таласта топурактын биохимиялык курамындагы заттарды аныктоочу лаборатория ачылды. Буга чейин дыйкандар топурактын анализин чыгаруу үчүн борбор калаага чейин барып, убара тартышчу. Андыктан Таластын өзүндө ачылган бул жай элге бир топ жеңилдик алып келди. Ага кошумча чет жерден да жер адиси ишке тартылган. Ал эки жыл аралыгында Таластык дыйкандарды жана агрономдорду жер иштетүүнүн жаңыча ыкмаларына үйрөтөт. Мол түшүмдүн негизги булагы сапаттуу жер болгондуктан ага туура мамиле кылып, өз убагында азыктандырып туруу заман талабы экенин баба дыйкандар дагы баса белгилешүүдө.

"Бизге лабораториянын ачылганы негиз эмес специалисттин келгени негиздүү, ошол специалистти колдонуп жаш балдарды, агрономдорду үйрөтүп калыш керек. Аларды үйрөтүп дыйкандарыбызды туура жолго салуу зарыл",- дейт жеке ишкер Миргазы Оморов.

"Менин билишимче 80 же 90 пайыз адамдар ким эмне сепкенин көрүп алып эле, кошунасы аммофос сепсе аммофос, селитра сепсе селитра сээп, ким билгенин жасай берчи. Топуракта эмне зат бар аны мен деле текшерткен жокмун. Бул лаборатория бизге абдан жакшы болду.", - деди Сагыналы Сулайманов.