Жаңылыктар
“Акылдуу” эсептегич ашыкча каражат албайт
Кыргызстан жаңылыктары
“Акылдуу” эсептегич ашыкча каражат албайт

Акылдуу эсептегичтер орнотулгандан бери абоненттер ири сумманы көрсөткөн эсептер келип жаткандыгына нараазы болуп жатышат. Бул маселеде Түндүк электр ишканасынын өкүлдөрү элдин суроолоруна жооп берди. 

Адистердин айтымында, акылдуу эсептегичтер ашыкча каражат эсептеши мүмкүн эмес. Ири эсептер келип жатышынын себеби 2 айдын эсеби бир айга жазылып калышы ыктымал. Адистер нааразы болгон абоненттерден арыз түшсө, алардын үйүнө чейин барып, маселени чечсе болорун айтышты. Бүгүнкү күндө Түндүк электр ачык акционердик коому 117 миң “акылдуу” эсептегичти орноткон. Бул эсептегичтер энергетика тармагындагы уурдоолор менен жоготууну азайтуу максатында, 2012-жылдан баштап орнотула баштаган. Андан бери электр энергиясын жоготуу 11,5 пайызга азайган.