Жаңылыктар
Жаңы конуштарга газ жеткирүү иштери уланууда (жаңыланды)
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы конуштарга газ жеткирүү иштери уланууда (жаңыланды)

Дордой базарынын жанындагы конуштарга көгүлтүр от бериле баштайт. Газ түтүгүн ишке киргизүү салтанатына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана Газпром Кыргызстан компаниясынын жетекчилиги катышты. 

Ишкана Керамическая конушундагы 200дөй үйдү көгүлтүр от менен камсыз кылууга өттү. Быйыл ошондой эле Бишкектин айланасындагы 20дан ашык конуштарга газ кийирүү жумуштары пландалган.