Жаңылыктар
Сурамжылоо: Кыргызстан өнүгүүнүн туура багытында
Кыргызстан жаңылыктары
Сурамжылоо: Кыргызстан өнүгүүнүн туура багытында

Эл аралык “Галлоп” социалдык сурамжылоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдө иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, сурамжылоого катышкандардын 65 пайызы Кыргызстан өнүгүүнүн туура багытын тандап алганын билдиришкен.  73 пайыз жарандар өлкө башчысы өзүнүн милдеттерин татыктуу аткарып жатат деп эсептешет. 

Чет элдик социологдор сурамжылоосун Кыргызстанда февраль жана март айларында жүргүзүп, ага 1,5 миңдей адам катышкан. Иликтөөдө жарандардын жаш курагы, жынысы, аймактарга карата жайгашуусу жана билим алуусу боюнча бардык талаптар эске алынган.

Адистер өлкөдө социологиялык иликтөөлөрдү маал-маалы менен жүргүзүп турууну оң баалашат. Мындан коомдогу жалпы маанай так аныкталбаса дагы, мамлекет бараткан багытка карата кандайдыр бир пикирди билүүгө болот. Анүстүнө эл аралык уюмдардын иликтөөлөрүндө тиешелүү эреже талаптар бекем сакталат.

Сурамжылоого жөнөкөй жарандардын жашоосу жакшырып жатабы деген суроо да камтылган. Көпчүлүгү оң жооп беришкен. Албетте расмий сандардан элдин так байлыгын саноого болбойт, муну адистер экономиканын көп бөлүгү дагы деле көмүскөдөн чыга электиги менен түшүндүрүшөт.



2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларынан кийин калкты өлкөдөгү саясий кырдаал тынчсыздандырып, коопсуздук маселелери актуалдуу болуп турган. Азыркы учурда болсо эл башка көйгөйлөргө баш оорутуп жаткан кез.

Социологдор элдин президентке жана башка бийлик бутактарына болгон ишенимин да аныктоого аракет кылышкан. Өткөн жылга караганда абал олуттуу деле өзгөргөн эмес, мурдагыдай эле өлкө жетекчилигине карата ишеним жогорку деңгээлде.

Мурдагы сурамжылоолорго салыштырганда бул жолку сандарда бир аз айырма бар, адистер муну мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептешет.
Мындан парламенттин ишмердигине калктын басымдуу бөлүгүнүн ичи чыкпай турганы көрүнүп турат. Адистер бул суроого жарандар жалпы парламенттин эмес, жеке депутаттардын ишмердигине карап баа беришкен деп эсептешет. Ал эми жалпы өнүгүү багыты боюнча коомдогу азыркы көрүнүш так көрсөтүлгөнүн белгилешти.

Айтмакчы сурамжылоодо жарандардын 10 пайызы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулганын туура эмес деп бааласа, 79 пайыз жарандар муну учурунда жасалган туура кадам экенин билдиришкен.