Жаңылыктар
ЕАЭБке жол ачкан сертификат
Экономика
ЕАЭБке жол ачкан сертификат

Айыл чарба жана кайра иштетүүдөн кийинки продукцияларды экспортко чыгарууну каалаган ишкерлерге руксаат кагаздарын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция берет. Учурда мекеме туруктуу 30 ишкер менен иштешип жатат. Бул ата мекендик өндүрүш көбөйүп жаткандыгынын далили. 

Ишкер Болот Саякбаев мекемеге кезектеги уруксат документтерин алууга келген. Ал Кытайдан бул жакка эт азыктарын, Кыргызстандан бал, жаңгак менен жашылча жемиштерди үчүнчү мамлекеттерге ташыйт. Ишкер 3 жылдан бери уруксат кагаздарын бир эле инспекциядан эмес, дагы эки министрликтен алат. Күзгө чейин Казакстан менен ветеринардык көзөмөл маселеси чечилсе эт азыктарын коңшу мамлекетке экспорттойм деген максаты бар.

Ишкерлер үчүн продукциясын экспорттоого ЕАЭБ сертификаттарын алуу өтө деле машакаттуу иш эмес. Эң негизгиси ишкана ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын каттоосунда болушу кажет. Дагы бир маанилүү жагдай ишкананын баардык документтери Евразиялык экономикалык биримдиктин талаптарына шайкеш келиши зарыл. Ошол эле учурда сертификатты алаардан мурда биримдиктин бирдиктүү реестрине кирген товарга лабораториянын корутундусу болушу керек.

Курулушу аяктаган лаборатория учурда заманбап жабдуулар менен жабдылып жатат. Жакынкы аралыкта дагы жаңы техникалык жабдуулардын келиши күтүлүүдө. Андан кийин аларды адистердин жардамы менен орнотуп, кошумча дагы кызматкерлер алынат. Бул жабдуулардын жардамы менен тамак-аш азыктарын гана эмес башка товарлардын, ал гана эмес халал деп жаткан азыктардын курамын дагы даана аныктаса болот.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулганы уюмдун талаптарына ыңгайлашууга дилгир. Бул аракеттер өкмөттүн негизги багыттарынын бири экенин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков белгилеп келет. Бул максатта көзөмөл өткөрүү бекеттери, ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялар модернизацияланып жана курулуш иштери да жүрүп жатат.

2017-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 13 фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория ишке киргизилет. Бул максатта мамлекеттен 190 млн сом бөлүнөт. Өткөн айда Талас облусунун Кара-Буура районунда эл аралык стандартка жооп берген фитосанитардык лаборатория ачылды. Жакынкы убакта Ысык-Көл облусунун Түп районунда дагы бир фитосанитардык лаборотория пайдаланууга берилет.