Жаңылыктар
Бишкекте Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт
Экономика
Бишкекте Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт

Молдовага ЕАЭБке мүчө өлкөлөргө байкоочу макамын берүү маселеси - Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында каралат. Жыйын 14-апрелде өтөт. 


Күн тартибине макроэкономика, бажы көзөмөлү жана үчүнчү өлкөлөр аркылуу эл аралык экономикалык кызматташууну чыңдоо маселелери кирген. Жыйынга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Молдаванын президенттери катышаары күтүлүүдө. 

Жогорку Евразия Экономикалык жыйыны Кыргызстандын келерки жылы жетекчилик кылуусунун алкагында өтөт. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен 2017-жылы - Евразия аймагында ишкердикти өнүктүрүү үчүн жакшы шарт түзүлмөкчү. 

Ошондой эле, ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий жолугушуусу өтөт. Анда уюмдун мындан аркы иши, аймактык коопсуздук маселелери талкууланат. Ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мамлекеттеринин президенттери катышмакчы.