Жаңылыктар
Көгүлтүр Ысык-Көлдүн космостогу көрүнүшү Гагариндин эскерүүсүндө (аудио)
Маданият
Көгүлтүр Ысык-Көлдүн космостогу көрүнүшү Гагариндин эскерүүсүндө (аудио)

1961-жылы 12-апрелде космос доорунун баштоочусу, советтик атактуу космонавт Юрий Гагарин адамзаттын тарыхында биринчи болуп космоско учкан. Элүү алты жыл мурда космосту ачкан адамзат андан бери көп ачылыштарды жасады.

"Адам баласы космоско ийгиликтүү барып келгенден кийин заманбап технологиянын түзүлүшүнө чоң шарт түзүлдү. Элдин космос тууралуу билими өркүндөдү. Эң негизгиси алдыда боло турган табигый кырсыктардын алдын алууну өздөштүрдү. Космоско жол ачкан улуу инсан Юрий Гагарин тууралуу даярдалган уктурууну Наргиза Шамшиева даярдаган.