Жаңылыктар
Базар-Коргондогу катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учурду
Өзгөчө кырдаал
Базар-Коргондогу катуу шамал үйлөрдүн чатырларын учурду

Базар-Коргон районунда 11-апрель күнү болгон катуу шамал 24 турак үйдүн 600 даана шиферин учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Базар-Коргон айыл аймагынын Бабур, Сай-Коргон жана Акман айыл аймагынын Жараке, Жаны-Акман, Кош-Коргон айылдарында 11-апрелдин түнүндө 15 мүнөткө созулган катуу шамалдын батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 25 метрге жетип, үйлөрдүн чатырларынын шиферлерин учурган.
Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан аныкталгандай, жалпы район боюнча 24 турак үйдүн 600 даана шиферин жана 106м2 тыныкесин, 3 сарайдын 93 шиферин, 1 мектептин 15 шиферин учуруп жараксыз абалга келтирген.