Жаңылыктар
К.Боронов: "Жети өкмөт алмашты, бир да жолу кызматымда калууну суранган жокмун"
Кыргызстан жаңылыктары
К.Боронов: "Жети өкмөт алмашты, бир да жолу кызматымда калууну суранган жокмун"

Басма сөзгө баяндама

Алдыңкы бетине тамаша ордуна деп, Ажонун мээрими кимге төгүлдү деген тема менен бүгүн Азия Ньюс жарык көрдү. Ушул эле беттеги саясат кж бурчу Чабал өкүл Кыянбек Сатыбалдиев деген аталышта  облустун түйшүгүн тартууда, кыйналып кашаңдап жатат деп жазды. Андан ары төрөт үчүн акча талап кылган  дарыгерлерди ашкерелөө үчүн саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев ыкчам ватсап номерине кайрылууну сунуштап жатканын жарыялады. Министрдин уюлдук телефону керек болсо  Азия Ньюста жазылуу.   

Андан ары Таалайгүл Исакунова министрликте нааразычылык жаратып жатканын,  Эл аралык фестивалда “жалгыздык” биринчи орунга татыганын, “Көчмөндөр оюну –кыргыз элинин таянчы деп айткан Арсланбек Малиевдин маегин окуй аласыздар.

Башка министрлердей бой көтөрүп же өзгөчөлөнбөй, бизге убагы менен кылган иши боюнча маалымат берип, жөнөкөйлүгүнөн жазбаган каарманыбызга баа берсек болот деген Азия Ньюс табияттагы кооптуу кырдаалдар катталган кырсыктар боюнча КРнын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен маектешти. Маек “Жети өкмөт алмашты, бир да жолу кызматымда калууну суранган жокмун деген аталышта орун алды.  

Креслого тырмышпайм бирок пенсияга чыкканча иштеп турайын да деп, өкмөттүн Баткен облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев да ат жалында маек курган. Мындан башка аалам таймашында же 143 тасма ичинен менин жалгыздыгым биринчи орун алды деп кино тасмасына аралышып жаткан жаш режиссер Касиет Жолдошбекованын,  “Кыргызстанда театр актерлору болгону 5 миң сом айлык алышат деп улуттук драм театрга жаңыдан директор болуп дайындалган Назым Мендебаировдун маектери бар.  Кой деген кожо жок деп,гезит  Шакинин арак бизнесине байланыштуу кызыкчылыктары ишке ашуудабы деген баяндаманы тартуулады.  Макаладан алкоголь өндүрүшүнүн бул тармактагы көмүскө кирешелери бар экени, алкоголь продукцияларынын көмүскө айлануусунун орточо проценти ички рыноктогу бардык алкоголь продукцияларынын 80 пайызын түзө турганын окуй аласыздар. “Кыргызстан” саясий партиясынын башкы түзүүчүлөрүнүн жана каржылоочуларынын бири арак магнаты, алкоголь продукцияларынын 80 пайызын түзгөн  “Аю” жана “КыргызАлкоТрейд” мекемесинин ээси Шаршенбек Абдыкеримовдун анын көмүскө экономикасына бул партиядан талапкер болуп көрсөтүлгөн убагында  салык кызматынын этил спиртин, алкоголь жана көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги  болуп дайындала калган  Жоробаевдин салымы түздөн түз болгону жазылат. Жазылган көлөмдүү макала менен  Шакинин арак бизнеси чырга айланабы деп атаган гезиттин оюна ортоктош болот экенсиз. Окуп алыңыз.  

 Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр деген  Азия Ньюс  “Эркектер сакал өстүрүп, кыздар хиджаб кийиш керек деген жоруктардан качан арылабыз” деген аталышта  Булан институнун баяндамасын жарыялады. Буга  айрым инсандардын  пикирлерин да жазды. Көз жүгүртүп өтүңүз. Эми кезекти Политклиникага берели.

 Политклиника бүгүн Бишкекте сөөк коюу үчүн жер канча сом деген теманын алдында жарык көрдү. Бишкек шаарындагы катардагы тургундар үчүн жападан-жалгыз көрүстөнгө сөөк коюу расмий баа менен ишке ашырылаарына ишенгендер чанда чыгаар деп бул маселеде жеринен көрүстөндөрдүн орду менен таанышкан журналисттик иликтөө жүргүзүлгөн. Бул иликтөөнү  гезиттин 4-13 беттеринен окуй аласыз. Бүгүнкү санда:  Акылдуу эсептегичтерден кеткен мүчүлүштүктөр,  Чолпон Орозобекова Булан институтун жетектеп жатканын, Садыр Жапаров кайрадан №1 СИЗОго которуларын, Сот Турдукуловду Мамбеталиевге 50 миң сом төлөөгө милдеттендиргенин,Атамбаев Туркияда сатылган ишканадагы үлүшү боюнча маалымат кызматы жаңылып калганын билдирди дегенин алдыңкы бетинде кабарлады. Саясат сайраганда деп журналисттердин суроосуна жооп берген “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун курган маалымат жыйынын толугу менен Өмүрбек Бабанов жебеген самсы, байлык, биринчи миллион, күрөш тууралуу деген аталышта басты. Көлөмдүү маектер коомдук ишмер Элмира Ибраимовадан “Бийлик менен оппозициянын мамилеси чыңалууда. Абалды бийлик өзү курчутуп жатат деген аталышта, ЖКтин депутаты Максат Сабировдон “Атамбаев стабилдүүлүктү камсыз кылды деген аталышта алынды. 

Баткендин кызы Астра Рахматилла кызы 48 миң доллар стипендия алып Американын белдүү университетинде окуп жатканын сабактан кийин ассистент болуп иштээрин окурмандарга тааныштырды. Бул баян Астар Рахматилла кызы “Дүйнөдө тынчтык болсун!” деп кыргызча жаздырып, Американын окуу жайына илдирди деген аталышта, таанышып коюңуз.