Жаңылыктар
Турак-жайларын камсыздандырууда айыл жеринин тургундары активдүү катышууда
Кыргызстан жаңылыктары
Турак-жайларын камсыздандырууда айыл жеринин тургундары активдүү катышууда

Кыргызстанда камсыздандыруу өнөктүгүнө айыл жеринин тургундары активдүү катышууда. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун маалыматына ылайык,  өзгөчө Ош, Жалал-Абад жана Нарын аймактарында жылыштар бар. Өкмөт республикада кар жана көчкү түшчү зоналарды эске алуу менен жаратылыш кырсыктарынан, ошондой эле өрттөн үйлөрдү сөзсүз түрдө камсыздандырууну сунуштоодо. Ал арада жергиликтүү серепчилер болсо,  көпчүлүк муну пайдасыз чыгым  катары кабыл алып жатышканын белгилешет.

Кыргызстанда жылына жүздөгөн адамдар жаратылыш кырсыктарына кабылып, турак-жайларынан айрылышат. Көбүнчө өрт чыгып, суу каптап же дагы башка жаратылыш кырсыктарына кабылып  турак-жайларга зыян келет. Өлкө эгемендигин өз колуна алгандан бери бул тармакта иш колго алынбай келгендиктен, элдин ишеними дагы солгун болууда-дешет адистер. Кандайдыр бир жаратылыш кырсыгынан талкаланган турак-жайларды калыбына келтирүү өкмөттүн түйшүгү болуп, жылына бул багытта мамлекет миллиондогон чыгымдарга учурагандыктан атайын мыйзамдын негизинде  жарандар турак-жайларын өз чөнтөгүнөн каражат чыгарып, камсыздай башташты. 

Бардык өнүккөн өлкөлөрдө камсыздандыруу өнөктүгү эбак эле кадимки көрүнүшкө айланган. Бул жаатта Германия алдыңкы орунда турат. Ал жакта кандайдыр бир жаратылыш кырсыгы катталса, жергиликтүүлөр  анчалык деле кейибейт. Себеби бул өлкөдө турак-жайды коюп, ден-соолугу менен жаныбарларына чейин камсыздандыруу киргизилген. Кыргызстанда болсо, абал башкача. 

Камсыздандырууда үйдүн чоӊ-кичинесине каралбайт. Айыл жериндегилер турак жайды камсыздандырууга жылына 600 сом, шаар жергесинде 1200 сом төлөшөт. Турак жай кандайдыр бир себептер боюнча жабыркаган болсо, мамлекет тараптан айылдагыларга 500 миӊ, шаарда 1 миллион сом өлчөмүндө камсыздандыруу акысы берилет. Жер көчкү, зилзала, өрт, сел сыяктуу  жаратылыш кырсыктарынан турак жайыӊыз жапа чексе, компенсация төлөнүп берилет. Турак жайды камсыздандыруу үчүн документтер почта бөлүмдөрүндө толтурулат. 

Турак-жайды камсыздандырууга жарандын паспорту талап кылынат. Эң башкысы турак-жайга болгон менчик укугун тастыктаган документи болуусу керек. 

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун аткарган ишинин жыйынтыктары тууралуу өткөн жыйында  премьер-министр Сооронбай Жээнбеков элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.Белгилей кетсек, турак-жайды камсыздандыруу милдетүү жана ыктыярдуу түрдө  жүрөт.Бирок үйүнө камсыздандыруу полисин албагандарга карата айып пул салынбайт.Эгер үйүң жаратылыш кырсыгынан жараксыз абалга келип калса, кенемте төлөнүп берилбейт.  
                                                       

Биринчи радио,  М.Абдраманова