Жаңылыктар
Көчөт отургузуп келечекке кам көрүү
Айыл чарба
Көчөт отургузуп келечекке кам көрүү

Ысык-Көл районунун Кожояр айылындагы бош жаткан 18 гектар жерге жалпы 15 000 миң түп алма, алмурут жана өрүктүн жаш көчөттөрү отургузулду. Эки жылдан кийин эле түшүм бере турган сорттогу көчөттөрдү олтургузуу ашар жолу менен ишке ашты. 

Азыркы тапта жаңы көчөттөрдү кайтарып, сугарып, камкордукка алуу иштерине айылдык эки адам тартылып, туруктуу жумуш менен камсыз болду. Жаш көчөттөрдү отургузуу жана Ананьево айылындагы шире чыгаруучу заводду ачууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан жыйырма миллион сом каражат алынган. Азыркы тапта шире заводу төрт түр продукция чыгарууда. Күз айларында өндүрүш көлөмүн эки эсеге көбөйтүү пландары бар.

"Бул жаш көчөттөр өссө, элибизге жумуш болот. Алынган түшүмдөн сок чыгарып айыл экономикасын көтөрсөк болот. Сок чыгара баштадык, биздин продукция бардык талаптарга жооп берип, азыр Москва шаарына экспорттоп жатабыз",- деди Кожояр айылынын тургуну Дөөлөтбек Салмакеев.