Жаңылыктар
"Манас" аэропортунун жолундагы унаа кырсыгынан эки киши каза болду
Өзгөчө кырдаал
"Манас" аэропортунун жолундагы унаа кырсыгынан эки киши каза болду

13-апрель күнү саат 23:30дар чамасында жүк ташуучу Mercedes-Benz менен BMW үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышып, жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгы билдирди.

"Комсомол айылынын бурулушунда катталган жол кырсыгында жүк ташуучу бус негизги жолдо келе жаткан BMW автоунаасын өткөрбөй экөө кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаа жолдон чыгып, бакты барып сүзгөн. BMW жеңил унаасынын 26 жаштагы айдоочусу жана жүргүнчүсү каза болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми жүк ташуучу машинанын 27 жаштагы айдоочусу Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.