Жаңылыктар
Сүт безинин рак оорусуна каршы "Ден соолук маршруту" сапарда
Ден соолук
Сүт безинин рак оорусуна каршы "Ден соолук маршруту" сапарда

Сүт безинин рак оорусуна каршы алгачкы “Ден соолук маршруту” ишке кирди. Бишкек шаарындагы №10 троллейбус сүт безинин рак оорусуна каршы күрөштүн символу болгон “Күлгүн түстүү лента” менен жасалгаланып, шаарды айланды. Троллейбуста онколог дарыгерлер жүргүнчүлөргө оору тууралуу маалымат беришип, анын алдын алуу эрежелерин түшүндүрүштү. 

Акцияны Улуттук онкологиялык борбор жана мамологиялык борбордун дарыгерлери уюштурган. Кыргызстанда 2016-жыл ичинде 613 аял сүт безинин рагына кабылган. Алардын ичинен 40 пайызы өтүшүп кеткен стадияларында кездешкен.

“Бул акция абдан керек, анткени аялдар турмуш менен алаксып эле, өзүнүн ден соолугуна кам көрө алышпай калышат”,- деди Бишкек шаарынын тургуну Тамара Бөкүн кызы.

Онколог дарыгерлер троллейбуска түшкөн ар бир жүргүнчүгө күлгүн түстүү лентаны тагып жатышты. Бул лента сүт безинин рак оорусуна каршы күрөштүн символу.

Аны менен кошо бул дарт тууралуу маалымат каттары да таратылды. Анда оорунун алдын алуу эрежелери жазылган. Жүргүнчүлөр троллейбуска түшүү менен эмчек рагын алдын алуу боюнча керектүү маалыматтарды алып, жол жүрүү убактысын пайдалуу өткөрүштү.

Акцияны Улуттук онкологиялык жана маммологиялык борбордун дарыгерлери уюштурган. Кыргызстанда 2016-жыл ичинде 613 аял сүт безинин рагына кабылганы катталган. Алардын ичинен 40 пайызы өтүшүп кеткен стадияларында кездешкен.