Жаңылыктар
Жамгырдын кесепетинен сел жүрүү коркунучу бар
Өзгөчө кырдаал
Жамгырдын кесепетинен сел жүрүү коркунучу бар

Тынбай жааган жамгырдын кесепетинен дарыяларда суунун көлөмү жогорулап, сел коркунучу пайда болууда. Азыр Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Сузак райондорундагы дарыяларда суунун агымы коркунучтуу деңгээлге жакындады. 

Бул көрүнүш дарыяга жакын жайгашкан калктуу конуштарга суу каптоо коркунучун жаратууда. Быйыл жамгыр былтыркыдан көп жаап жатат жана дарыялардагы суунун деңгээли 70 см ге чейин көтөрүлгөн.

“Республика боюнча дээрлик көпчүлүк аймактарда 17-18 жана 21-апрель күндөрү жаан-чачын нөшөрлөп жаашы күтүлөт жана дарыялардагы суунун көлөмү кескин жогорулайт”,- деп билдирди ӨКМдин маалымат катчысы Эльмира Шерипова.