Жаңылыктар
Ипотека аркылуу үйгө ээ болгондордун саны миңге жетти
Экономика
Ипотека аркылуу үйгө ээ болгондордун саны миңге жетти

Мамлекеттик ипотекалык компаниядан жеңилдетилген насыя алып, турак жайга ээ болгон адамдын саны бир жыл аралыгында миңге жетти. Насыя алууга кезекке турган бюджеттик кызматкерге акчанын сертификаты салтанаттуу түрдө тапшырылды.

“Ушул күндө мамлекет тарабынан бөлүнгөн насыя аркылуу турак жай алуу үчүн кезекке турган жарандардын саны 7 миңге жетет. Алардын арасында документин тууралап жаткандары бар, кээ бири алчу үйдү караштырууда. Ошондой эле, алгачкы салымына каражат жыйнагандары да бар.”

Насыя алуу үчүн биринчи кезекте жеке турак жайы жок болушу керек. Алган акчаны төлөөнүн эн узак мөөнөтү 15 жылга барат. Бирок насыя алып кайра айлык маяна аркылуу кутула аламбы деп баш катырган кызматкерлер дагы жок эмес.