Жаңылыктар
ЕАЭБ: мигранттардын көйгөйлөрү каралат
Экономика
ЕАЭБ: мигранттардын көйгөйлөрү каралат

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында тараптар ЕАЭБ алкагында мигранттарга түзүлгөн шарттар, бул багытта алдыга жылдыруучу чаралар да каралат. Уюм алкагында кыргызстандык мигранттардын иштөөсүндө жеңилдиктер иш жүзүндө байкалууда. Бирок дагы чече турган бир катар маселелер бар.

Кыргызстан ЕАЭБке толук кандуу мүчө болуп кирүүнүн алдында талаптардын бири - мигранттарга жеңилдиктерди берүү болгон. Бул жаатта жылыштар болуп, мигранттар эң көп иштеген Орусияда кыргызстандыктар үчүн патент, жумушка уруксат алуу жана милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу талаптары жоюлду. Мына ушул талаптар мекендештерди кыжаалатка салып, талаптарды билип билбей аткара калбай калгандар, административдик айыпка жыгылып, Орусия аймагына кирүүсүнө 3 жылга чектөө кирген. Бир жылдан бери Федерация аймагындагы мекендештер жумуш келишиминин негизинде гана иш алып барып кара тизмеге киргендердин саны кыскарды.